Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынан 500 миң дозаны бекер берип жатканын айтты. Кыргызстан Россиянын бул вакцинасына заказ бергенин билдирди, министр.
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева элди COVID-19га каршы эмдөөгө каражат бар экенин белгиледи. «Вакцинация — улуттук коопсуздуктун маселесине кирет. Акча болот. Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны тандоо боюнча иш жүрүгүзүп жатат. Россиянын вакцинасын Новосибирскиден (сыягы “ЭпиВакКорона” вакцинасы жөнүндө сөз болуп жатат – ред.) ташып келүү маселеси чечилип жатат”, -деп баса белгиледи ал.
Элди эмдөө үчүн жеке менчик медициналык борборлор да кызматка тартылаарын белгиледи, вице-премьер-министр.