Коом

Уурдабагылачы! Бул абдан кооптуу! Мэрия шаардыктарга кайрылды

«Бишкек асфальт сервис» калаадагы капкаксыз калган кудуктардын жапкычтарын кайрадан жаңыртууда. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Өткөн аптада суу агып түшө турган 30 темир торчо орнотулган. Тилекке каршы, бир топ көчөгө люктар менен торлорду кайталап коюп жатабыз. Урматтуу шаардыктар, кудуктун капкактарын уурдабагылачы. Бул абдан кооптуу», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия капкактарды уурдап жаткандарды көргөн шаардыктарды токтоосуз 102 кызматына — милицияга чалып, кабарлоону өтүндү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button