Ошто зордуктоо фактысы үчүн акча алган экспертиза кызматкери кармалды

268

Ош облусунун Араван районунда зордуктоо фактысынын корутундусу үчүн акча талап кылгандыгы үчүн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“18-февралда Араван районунун тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча райондук соттук экспертиза бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. Анда райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча корутунду бергендиги үчүн акча талап кылган. Шектүү 1 миң 100 сом алып, дагы 3 миң сом талап кылган”, – деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 238-берененин (Кызматкерлерге мыйзамсыз эмгек акы алуу) негизинде катталып, сотко чейинки тергөө иши башталды.