Марипов жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, – деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жер башкаруу тутуму биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө чоң ролду ойнойт.

Аймактардын өнүгүүсүн пландаштырууда, айыл чарбасында, айлана-чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды, инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууда санарип карталарга жана жер менен кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарга болгон муктаждык күндөн күнгө өсүүдө.

Жерди пайдалануу боюнча заманбап маалыматтар, сапаттуу электрондук кызматтар – бул тармактын туруктуу өнүгүүсүнө жетүүнүн маанилүү шарттары болуп саналат.

Жерге жайгаштыруу тутуму жана анын негизинде түзүлгөн геомаалымат базалары электрондук өкмөттү ишке ашыруунун негиздеринин бири болуп эсептелет.

Учурда заманбап, ишенимдүү жер ресурстарын башкаруу тутумун жана мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасын түзүү стратегиялык артыкчылык болуп эсептелет.

Ушул тармактын ардагерлеринин кыраакы кеңештери менен алдыңкы маалыматтык жана геомаалыматтык технологияларды жайылтууда чечкиндүү кадамдар жасалат деп ишенебиз.

Сиздердин ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын!