Коом

Шашылыш чечим чыгарбай тургула. Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылуу жасады (ВИДЕО)

Социалдык тармактарда экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин 100 миң доллар пара берип жаткан видеосу коомчулукка тарап, талкуу жараткан эле. Бул видео тууралуу Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылуу жасады, текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Ассаламу алейкум рахматуллохи ва баракатуху кыргыз элим.

Сиздерге ушул кайрылууну туура кордум. Окуп коёсуздар деп ишенем.
Буйруса өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле.
Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын :шашылыш чечим чыгарбай, эч кандай ойго келбей туруңуздар.

Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын.
Себеби бул ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр.
Элибиздин тынчтыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем.
Эми биз деле айта турган күндөр келиптир.
Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сынтакпай, бир аз сабыр кылып турууңуздарды суранам.

Акыйкат сөзсүз келет.
Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабуз.
Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.
Аллах Таала жүзүбүздү жарык кылсын жана жүрөктү ыйманга толтурсун.
Жай эс алыңыздар.

Сиздерди колдойт деп ишенем».

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button