Окуялар

Бишкекте эркек кишинин сөөгү табылды. Милиция өздүгүн аныктоого жардам сурайт

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды, деп билдирди бүгүн, 4-мартта Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Сөөктү 1-мартта саат 15:40 чамасында Чуйков менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен табышкан. Милициянын айтымында, эркек киши 35-40 жаштарда.

Бул факт КЖБРГе катталган.

Өзгөчө белгилери: бою 175-177 см, чачы ак-кара, сол ийнинде, мойнунда кыздын сүрөтү түшүрүлгөн татуировка, үстүңкү жаагында темир тиши бар.

Кийген кийими: Кара куртка, «NIKE» эмблемасы бар кызыл спорттук күрмө, көк куртка, «Hetero» жазуусу бар кара спорттук шым,«Hanes» жазуусу бар ак байпак. Сөөктүн жанынан кара булгары бут кийимдери табылган.

Милиция аталган адам тууралуу маалыматы бюар адамдардан төмөнкү телефон номурлары боюнча кабарлап коюуну суранат: 0(704) 102-702, 0(554) 102-148, 0(312) 54-32-48 же 102.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button