Мурас-Ордодогу 13 жашар баланын өлүмү. Кылмышка бир тууганы шектелип кармалды

Мурас-Ордо конушунда киши колдуу болуп каза болгон баланын өлүмүнө бир тууган агасы шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Эске салсак, кечээ Мурас-Ордо конушунда 13 жашар баланын киши колдуу болуп каза болгону айтылган эле. “Туугандарынын айтымына караганда, бала талма оорусунан жабыркап келгендиктен, анын жанында дайыма карап турган киши болушу керек эле. Каргашалуу күнү ата-энеси ишке кетип, үйдө 17 жашар агасы калган”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Трагедия болгон жерди карай келгенде жаздык, плед, кандын тактары бар жууркан, ашкана бычагы, аялдын акча салгычы, спорттук шым, кызыл тактары бар ныкталган кебез жана колдун тактары табылган.
Окуянын күбөлөрүн сурай келгенде, болжол менен саат 11:00дө баланын өлүгүн иштен келген энеси таап, милицияга кабарлаганы анык болду. Ал эми өспүрүмдү кароо үчүн калтырып кеткен агасы үйдө жок болуп чыккан.

Милиция кызматтык ит менен айлана-тегеректи издеп, камыштын арасынан өлгөн баланын А.С. аттуу агасын — шектелип жаткан уланды тапкан.

“Кармалган улан ашкана бычагын кайда калтырганын жана кантип жуугандыгын айтып берди. Алдын ала маалыматтарга караганда, бир туугандар айтыша кетип, ал чырга айланган. Агасы инисине бычак уруп, өспүрүм эсине келбей көз жумган”, — деп айтылат маалыматта.
Милиция уланды убактылуу кармоо жайына киргизип, тергөө башталганын кошумчалады.