Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

25-марттан 26-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 72-91-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман–Ак-Тал–Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.