Кыргызстанда 644 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда 644 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 29-марттан 5-апрелге чейин өлкө боюнча 644 жаран вакцина алган.

“Анын ичинен Бишкекте 214, Ош шаарында 255, Чүй облусунда 109, Ош облусунда 20 жана Ысык-Көл облусунда 43 адам эмдөөдөн өттү”, – дейт ал.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.