Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды

Кыргызстанда саат 08:00дө жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды.

Белигилей кетсек, өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү башталды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-апрелине карата биротоло тизмедеги референдумдун катышуучуларынын саны 3 млн 606 миң 201 адамды түзөт. Анын ичинде 1 млн 725 миң 849у – эркектер, 1 млн 880 миң 352и – аялдар.