ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 30 жылдыгы белгиленди

2021-жылдын 22-апрель күнү  Кыргыз Республикасынын ИИМдин клубунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 30 жылдыгын майрамдоонун урматына салтанаттуу иш-чара  өткөрүлдү.

Салтанаттуу  иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков,  ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев,  ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов,  ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев,  ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын начальниктери, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү жана ИИМдин БМЖКККнын өздүк курамы катышты.

«Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  тутумундагы алдыңкы  кызматтардын бири болуучу, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  30 жылдык салтанаттуу мааракесин белгилеп жатабыз.

Буга байланыштуу, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Өтөп жаткан кызматыңыздардын маанилүүлүгүн баалабай коюу мүмкүн эмес. Сиздер баңгилик кылмыштуулугуна каршы аракеттенүүгө татыктуу салым кошуу менен, жарандардын саламаттыгын коргоп келе жатасыздар. Баңгизаттар канчалаган адамдардын, жаштардын тагдырларын талкалап келет.  Элибиз саламатта болуусуна сиздердин салымыңыздар чоң. 

Мамлекетибиздин, баарынан мурда жаштардын келечеги, ошондой эле экономикалык жана социалдык туруктуулук  Сиздер өтөп жаткан кызматтан көз каранды десем жаңылышпайм.

Өзүмдүн чыгып сүйлөгөн сөзүмдө ардагерлердин ордун, алардын Кызматтын түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө кошкон зор салымдарын, азыркы учурга чейин көрсөтүп жаткан көмөктөрүн баса белгилеп кетүүм зарыл. Буга байланыштуу, Сиздерге бекем ден соолук, бейкутчулук, үй-бүлөлүк бакыт жана тынч жашоо каалайм!

Кызмат биринчилерден болуп эл аралык кызматташтыкты  алдыга жылдырып, биргелешкен иш-чараларды ийгиликтүү өткөрө баштаган. Азыркы учурда ал Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюму, Шанхай кызматташтык уюму, АЙДЕК жана башка форматтарында иш алып барып, Европа бирлиги жана башка мамлекеттер менен өз ара аракеттенет.

Мен Сиздер менен мамлекеттин жетекчилиги, эл тарабынан  коюлган талаптарды толук кандуу ишке ашырабыз деп ишенем.  Анткени эл аралык өнөктөштөр, кесиптештер дайыма биз менен.

Сөзүмдүн аягында Сиздерди дагы бир жолу мааракеңиздер менен куттуктайм, аткарып жаткан ары татаал жумуштарыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем!” – деди   министр Улан Ниязбеков.

Баңгизаттарга каршы күрөшүүчүлөрдү БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Селезнев Андрей, Европа бирлигинин «EU-ACT» долбоорунун жетекчиси мырза Хосе Мате, Европа бирлигинин «КАДАП-7» Программасынын жетекчиси Эрнесто Робелло, ошондой эле ИИМдин  Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин БМЖКККнын ардагери, Кыргыз Республикасынын  ЖКнын депутаты Рысалиев Зарылбек жана ардагер Зеличенко Александр куттуктады.

  ИИМдин буйругу менен БМЖКККнын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маркум А. Алиевдин жубайы М. Алиева ведомстволук медалдар менен сыйланышты.

Кызматтын тарыхына дагы токтолуп кетпесек болбойт. Буга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгы катары белгилүү болгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы республиканын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн базасында адистештирилген бөлүк катары түзүлгөн. Аталган Кызматта жоюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу БКМКнын жана ИИМдин БМЖККББнын тажрыйбалуу кызматкерлери чогулган. Ошентип, 2016-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түзүлүп, аталган Кызматка жоюлган БКМКнын ыйгарым укуктары жана функциялары өткөрүлүп берилген.

Өткөн жылдарда бул Кызматтын аталышы көп жолу алмашкан болсо да, ишмердүүлүгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүгө жана баңгичиликти алдын алууга багытталып келет. ИИМдин баңгилик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп туруу менен, кызматкерлердин аталган багыттагы аракеттеринин жогорку деңгээлин талап кылат. Баңгилик бизнес менен күрөшүү менен БМЖКККнын кызматкерлери өзүнүн жана жакындарынын өмүрлөрүн коркунучка салып келет. Кызмат өтөө учурунда, тагыраак айтканда, 2008-жылдын август айында кылмышкерлердин колунан курман болгон Анвар Алиевди жана Олег Запольскийди белгилей кетүү зарыл. Алар өзүнүн иштери боюнча кесипкөй инсандар эле…

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы мындан ары да баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жана коомду алардын  терс таасирлеринен  коргоо боюнча керек болгон чараларды көрө бермекчи!   ИИМдин

БМЖКККнын Басма сөз кызматы