Коом

Коронавирус: Индияда абал өтө курчуду, жуктургандар, өлгөндөр көбөйүүдө

Индияда пандемия башталгандан бери адам өлүмү эң жогорку чекке жетип, өткөн суткада 3689 адам каза болду. Бир күн мурун 400 миңден ашуун адам коронавирус менен катталды.

Буга чейин мындай жогорку көрсөткүч бир дагы өлкөдө каттала элек болчу. Илдеттин кулач жайышына Индиянын саламаттык сактоо системасы даяр эмес болуп чыкты. Ооруканаларда өтө оор абалдагы бейтаптарга орун жетишпей, кычкылтек баллонунун таңкыстыгы байкалууда.

Индияда пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алгандардын саны 19 миллиондон ашты. Өлкөдө 215 миң адам коронавирустан өлгөнү тастыкталды. Индиядагы пандемия кризиси тереңдеп, инфекциянын жайылышынан Түштүк Азиянын башка аймактары дагы жабыркап жатканы кабарланууда.

Непал менен Шри-Ланкада да коронавирус инфекциясы жайылып, ооруканаларда орун калбай, дары-дармек менен медициналык каражаттар жетишпей жатканы кабарланууда.

Пакистан да пандемиянын үчүнчү толкунун баштан кечирүүдө. Бийлик инфекциянын жайылуусун токтотуу үчүн 2-майдан тартып өлкөгө кирүүгө чектөө койду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button