Марс Сариев: “ЖККУ мүчө мамлекеттердин ортосундагы жаңжалдарга кийлигише албайт”

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ – ОДКБ) уставында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда чыр-чатак чыкса, чара көрүү каралган эмес. Саясат таануучу, Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук боюнча эксперт Марс Сариев бизге ушундай түшүндүрдү.

-Тажикстанда согуш аракеттерин баштоого олуттуу себептер болгон, – деп белгилейт эксперт. – Бул үчүн алар абдан ылайыктуу учурду тандап алышкандыгына көңүл бургум келет. Алар эки күндөн бери Дүйшөмбүдө ЖККУнун мүчөлөрүнүн жыйыны болуп жатканда, биздин Коргоо министри жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы ага катышып жатканда аскерий иш-аракеттерин баштады. Премьер-министр Улукбек Марипов Казанга ЕАЭБдин жыйынына учуп кетсе, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара аскерлерине жооптуу башчысы Камчыбек Ташиев Германияга дарылануу үчүн жөнөп кеткен. Өлкөдө бир гана президент Садыр Жапаров калган эле.

Кыргызстанга кол салуу анын дээрлик негизги жетекчилери жокто жасалгандыгы, бул атайылап жасалган чагым экендигин билдирет жана тажиктер буга алдын-ала даярданган, –  дейт Марс Сариев.

– Ага чейин алар КамАЗ менен Башкы (Головной) суу алуучу жерге шагыл ташып келишкен, андан кийин жанына видеокамераларды орнотуп, Тажикстандын желегин илип алышкан. Ушу сыяктуу нерсени алар бир жыл мурун провокация кылышкан. Ошол кезде тажик тарап Ворух анклавынын чек арасына кыргыз тарап совет доорунда курган пьедесталга атайылап өз желегин илип койгон (ал кезде административдик чектер болгон). Ага коңшулар өз туусун илип алып ошондон анан жаңжал башталган.

Саясат таануучу ЖККУнун же Россия Федерациясынын күчтөрүнүн ортомчулук жана тынчтыкты орнотуу ролу жөнүндө төмөнкүлөрдү түшүндүрдү:

– Ошентип, тажик тарап эгерде согуш аракеттерин баштаса, ЖККУ кийлигише албастыгын билди, анткени анын уставында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда чыр-чатак чыкса, аларга чара көрүү каралган эмес.