УКМК: Баткенде жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда

Бүгүн, 4-майда саат 09:30га карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн түндө кандайдыр бир окуя жана ок атышуулар катталган жок.

“3-майдан бери Баткен районунун Актатыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар бүтүндөй кыргыз-тажик чек арасын кайтарууда. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жана түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.