КоомОкуялар

Сузак окуясы боюнча бир катар жетекчилер кызматтарынан алынды

2024-жылдын 2-май күнү Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ички иштер иштер министрлигинин кызматкерлери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 (он эки) кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button