Кызматтан кетпей калдыбы? Транспорт министри Ноокат жолунда иштер аяктаганын билдирди

Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна (Ноокат) асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.
«Алдыда жол сызыктары чийилип, 1-сентябрга чейин жол белгилери орнотулуп, жумуштар толук жыйынтыкталат. Белгилүү болгондой, 2016-жылдан бери убада берилип, бирок жасалбай келген Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган.
Бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка “Кыргыз автжол” мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде жүргөн. Жер иштеринен тарта асфальт төшөөгө чейинки жумуштар жеке көзөмөлүндө туруп, учурда эки тилкеде тең иштер аяктады. Жаңы келген 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош-Баткен-Раззаков жолуна жеткирилип, атайын алынып келинген унаалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатты»,- деди ал.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат жолу бүтпөсө, 1-сентябрда транспорт министри иштен кетерин айткан. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ноокат автожолундагы жолдун курулушун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алган. Садыр Жапаров быйыл жазда капиталдык оңдоону баштап, күзгө бүтүрүүгө тапшырма берген.



