Чолпон-Ата шаарында эки айга созулган көргөзмө-жарманке өтөт

5-июлдан 25-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда масштабдуу «Ысык-Көл 2025» айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманке күн сайын саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Жарманкеге кирүү акысыз. Ыңгайлуу унаа токтотуучу жай, эс алуу чатырлары жана отургучтар каралган.
Жарманкеде жергиликтүү дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштер, эт, сүт азыктары, бал, ошондой эле улуттук тамак-аштар жана таттуулар болот.
Мындан тышкары этно кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган ар кандай буюмдар, гүлдөр жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатылып, аларды багуу боюнча кеңештер берилет. Мастер-класстар жана кайнатмалардын, майлардын, чөптөн жасалган рецепттердин даамын татуу уюштурулат.
Иш-чара Айыл чарба министрлиги тарабынан жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана кол өнөрчүлөрдү колдоо, айыл чарбасын өнүктүрүү максатында уюштурулууда.
Белгилей кетсек, жарманкеден түшкөн каражат ипподромду жакшыртууга жана асыл тукум ат чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталат.



