Окуялар

Ошто келин эки кызы менен сууга агып, кичүүсү изделүүдө

Оштун Кара-Суу районунда 24 жаштагы келин үч жана 1,5 жаштагы эки кызы менен сууга агып, кичүүсү изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя Кара-Суунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Тойчу айылында болгон. Анда 24 жаштагы келин Отуз-Адыр каналына эки кызы менен агып кеткен.

«ӨКМдин куткаруучулары барганга чейин жергиликтүү тургундар аял менен анын үч жаштагы кызын суудан аман-эсен куткарып, жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткен. Ал эми болжол менен 1,5 жаштагы кыз табылган эмес», — деп жазылат маалыматта.

Аны издөөгө ӨКМдин 13 куткаруучусу, ИИМдин 11 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Издөө иштери бүгүн, 27-сентябрда да, улана турганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button