Коом

Кыргызстанда коронавирусту аныктай турчу 7 миңдей тест-система бар

Кыргызстанда учурда коронавирусту аныктай турчу 7 миңдей тест-система бар экенин Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бирифингде айтты.

Ал 5 миңдей тест-системаны Россия бергенин, эл аралык уюмдардан 200-500дөй келгенин белгилейт.

“Булар жетиштүү деп ойлойм”, — дейт ал.

Кабарчынын буга чейин 10 миң тест-система бар экени айтылбады беле деген соболуна “Күн сайын тест-система колдонулуп, коротулуп жатат” дейт.

Исаков Саламаттык сактоо министрлиги Роспотребнадзордон дагы миң тест-система сурашканын айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button