Коом

2024-жылы бардык мыйзамсыз курулуштар бузулат

2024-жылы бардык мыйзамсыз курулуштар бузулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, ири коммерциялык объекттер алынат.

“Алардын кайсы жердеги курулуштар экенин айтпай турайын, бирок чоң объекттер бар. Буга чейин көп айтылганы менен ишке ашпай келген бир коммерциялык курулушту январь айынын иш планына киргиздик. Азыр комиссиянын чечимин күтүп жатабыз. Ал компания талаптарды аткарбаса, анда бузулат”, — дейт Орунтаев.

Ал Бишкектин 12-кичи районунда мындан ары жаңы курулуштарга уруксат берилбестигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button