Коом

УКМК: Чет элдик инвесторго ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоого шектелген жарандар кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

УКМК чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын жарандары К.Ж.А. жана А.К.Т.ны кармады.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button