Коом

Кыргызстан жарым жылда 279 миң тонна айыл чарба азыктарын экспорттоду

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын алты айында 279 323 тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 3 098 тоннага көп сатылган. Анын басымдуу бөлүгүн жашылчалар түзүп, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Талас облустарынан ЕАЭБге, андан сырткары, үчүнчү өлкөлөргө экспорттолгон.

Жашылчалардын ичинен эң көп сабиз Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө, ал эми капуста, пияз, болгар калемпири, томат Россия менен Казакстанга көбүрөөк сатылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button