Коом

Бишкектеги № 67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды

Бишкекте № 67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды.

Мэриянын басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, 7-мартта мектепке окуучудан кургак учук аныкталгандыгы боюнча санитардык билдирүү келип түшкөн.

Анын негизинде мектеп администрациясы тиешелүү класска жергиликтүү медициналык кызматкердин катышуусунда ата-энелер чогулушун өткөрдү.

Мектеп 11-мартта тарта эки күнгө онлайн окууга өттү. 12-мартта мектепте тиешелүү санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Жогорудагы окуучу менен байланышта болгон классташтары жана мугалимдери үчүн рентген аппаратынан өтүү маселеси мектеп жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button