ИИМ: Ата жолун уланткан Бешкемпировичтер

Аккан арыктан суу агат демекчи, биздин каарманыбыз ата жолун улантып келе жаткан Султаналиев Кубандык ички иштер органында 5 жылдан бери кызмат өтөп келет.
Коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүп келген биздин каарман бул кесипти тандашына атасы түрткү болгондугун белгиледи.
Каарманыбыздын атасы, Сагыналиев Бакытбек Бешкемпирович 36 жыл ички иштер органында кызмат өтөп, катардагы сержанттан баштап милициянын подполковниги атайын наамына чейин жетип ардактуу эс алууга чыккан. Ал учурда уулу Кубандыкка бар болгон тажрыйбасы жана акыл-насааттары менен бөлөшүп, өз антына бекем болуп эл үчүн кызмат кылууга багыт берип келет.

Ал эми, Султаналиев Бакытбектин атасы – Бешкемпир Султаналиев милиция кызматкерлеринин династиясынын өзөгү болуууга түрткү болгон.
Биздин каарман Султаналиев Кубандык Токтогул районунун Ички иштер бөлүмүнүн Терек-Суу айылдык милиция бөлүмчөсүндө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат өтөйт.

Терек-Суу айылы— Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Кетмен-Төбө айыл аймагынын курамына кирет. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тейлеген аймагында эки айыл өкмөттү камтып, калкынын саны 16 миңден ашуун түтүндү түзөт.
Милиция – бул үй-бүлө үчүн жүрөк сүйгөн, көңүл жактырган, салтка айланган кесип. Тартип, өзүн туура алып жүрүү тээ илгертен эле бул үй-бүлөдө калыптанып калган көрүнүш.
“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” декмечи, ким болбосун, кандай кырдаал болбосун жардамга кол сунган сапаты менен айырмаланган ата-уул Султаналиевдер, атасы жумушта ордун тапкан, талапты катуу койгон инсан болсо, уулу тартипке көнгөн адам. Ал эми эр жигит мырзалар үй-бүлөдө мээримдүү ата, камкор жолдоштор.
ИИМдин Басма сөз кызматы



