КоомОкуялар

Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган турист куткарылды

Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ала-Арча капчыгайынын Жарылган-Жүрөк тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда чет өлкөлүк туристтин абалы каанаттандыралык.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button