Коом
Селден жабыркаган Ноокатка ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү

Селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү.
ӨКМден билдиришкендей, ал кечээ жана бүгүн эртең менен аба ырайы бузулуп, ашуулардагы булуттардан улам уча албай турган.
Эске салсак, кечээ Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тилекке каршы, жети адам сууга агып кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, эки киши изделип жа тканы кабарланган. Учурда издөө иштери активдүү жүрүп жатат.



