Коом
Кыргызстандын аймагында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт

Өлкө аймагында нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Буга байланыштуу:
— ички чарбалык арыктарды тазалап, жээктерин бекемдеңиз;
— арыктарга таштанды таштабаңыз;
— арыктын нугун бүтөп, көпүрө салбаңыз;
— сел суусу каптап баштаганын көрсөңүз, электр жарыгын, газды өчүрүп дароо үйдөн чыгыңыз;
Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.



