Коом
Тажикстандын аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Алар Кант шаарына аба каттамы менен келген. Андан соң ЖККУнун “Бузулбас боордоштук — 2023” машыгуусу өтө турган Балыкчы шаарына жөө жүрүш жасашкан.
КР Коргоо министрлиги тажикстандык тынчтыкты орнотуучуларды салтанаттуу тосуп алуу аземи болгонун билдирди.
Беш өлкөнүн биргелешкен машыгуусу 9-13-октябрь күндөрү «Эдельвейс» базасында өтөт.
@abal-kg



