Саясат

Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болду

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ал бул кызматты2020-жылдын декабрынан бери аркалап келген.

Анын ордуна Абдупата Маткаликов дайындалды. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал 1964-жылдын 1-январында Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. 1985-жылы Майлуу-Сууда жайгашкан Фрунзе политехникалык институтун “инженер-механик”адистиги боюнча аяктаган.

1991–1999-жылдары ишканада депо бөлүмүндө инженер, инженер-механик болуп иштеген.

Тектеш кабарлар

Back to top button