
Самара облусундагы «Промсинтез» заводундагы жарылуудан алты адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
«Чапаевск шаарындагы «Промсинтез» заводунун цехинде оңдоо иштеринин жүрүшүндө жарылуу болуп, анын кесепетинен 8 адам жабыркап, анын алтоо каза болду», — деп айтылат маалыматта.
«Промсинтез» Орусия жана КМШда өнөр жай жардыргыч заттарды негизги өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.



