Коом

УКМК: «Кыргызстандын улуттук электр тармактары»ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкери кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары»ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды.

КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Алсак, 2024-жылдын 25-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору 1983-жылы туулган К.С.Ж. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button