Окуялар

ВИДЕО: Ысык-Көлдө сууга секирип, өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган кызды милиция куткарды

Балыкчы шаарында милициянын аймактык ыйгарым кызматкери, өзүнүн өмүрүнө кол салып, көлгө секирип түшкөн кызды куткарып калууга жетишти, бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп, анда көлдүн пирсинде белгисиз кыз, кыязы, сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгын билдирген. Нөөмөт кызматынын кызматкерлери, дароо окуя болгон жерге милициянын жакынкы нарядтарын жиберишет.

Окуя болгон жерге биринчилерден болуп, өзүнүн кесиптештери менен Балыкчы ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым кызматкери Амантур Бакиров келет. Убакытты текке кетирбе, ал кызды сөзгө тартып, ойлонбогон кадамынан баш тартууну  суранат. Бирок, сөзгө көнбөгөн кыз муздак сууга секирет, кызды сактап калуу үчүн милиция кызматкери дароо анын артынан көлгө чумкуйт. Анын жанына сүзүп келип, кызды жээке чыгарууга үлгүрөт.

https://youtu.be/2ZwfwkNZy7w

Андан кийин милиция кызматкерлери кызга биринчи жардамды көрсөтүшүп, аны ооруканага жеткиришет. Учурда, кыздын ден-соолугуна коркунуч жок жана бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Сууга секирген кызды куткарган милиция кызматкери Амантур Бакиров

Милиция жарандарга өз өмүрлөрүнө өзгөчө маани менен кам көрүү зарылдыгын эскертет,- деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button