Эс-тутумун жоготуудан жапа чегет. Бишкекте 60 жаштагы Мален Рахматов изделүүдө

Бишкекте 1963-жылы туулган Мален Рахматов үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңеши билдирет.
Маалым болгондой, ал 25-сентябрда саат 12:00дө 10-кичирайондогу үйүнөн чыгып кеткен, ошондон бери анын кайда экени белгисиз.
Кийген кийимдери: джинсы, боз жемпир.
Өзгөчөлүгү: бою 170 сантиметр, арык денелүү, чачы түшүп бараткан, көз айнек тагынат.
Эс-тутумун жоготуудан жапа чегет.
Дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалыматы барлар болсо: +996 555 230 490, +996 755 074 720 телефондоруна чалууну суранабыз.
27-сентябрь күнү саат 10:00дө Жибек Жолу пр., 413-үйдүн жанынан Мален Рахматов сүрөттөгүдөй кийинип, бирок бут кийими жок жүргөнүн көрүшкөн. Аны көргөн-билгендер болсо номурларга чалып же милицияга кабарлоону өтүнөбүз.



