Коом

Каржы министрлиги Кыргыз фонд биржасынын эң ири акционери болду

Кыргызстандын Каржы министрлиги 2025-жылдын 15-сентябрында Кыргыз фонд биржасынын (КФБ) эң ири акционери болду. Тактап айтканда министрлик 62,17% үлүшкө ээ болду. Бул тууралуу 23-сентябрда КФБ президентинин милдетин аткаруучу Аида Чодулова Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул чечим президенттин фонд рыногун жана биржалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Ошондой эле КФБ аянтында 15-17-сентябрда коммерциялык банктардын депозиттик эсептерине жумшартуу эсебинен 24 млрд сомду жайгаштыруу боюнча биринчи акча аукциондору өткөрүлдү. Бардык каражат толугу менен жайгаштырылды. «Гранттын жардамы менен заманбап сервердик жабдуулар сатып алынып, QUIK соода системасы орнотулду. Анын ишке киргизүү октябрдын экинчи жарымына пландалган.Система инвесторлорго компьютерлерден жана мобилдик тиркемелерден онлайн режимде соода жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button