Окуялар
Токтогулда жол кырсыктан үч киши каза болду — ФОТО

Жалал-Абаддын Токтогул районунда «Жигули» ВАЗ 2107 менен MAN күйүүчү май ташыган автоунаасы кагышып, каргашанын кесепетинен үч киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Жол кырсыгы 15-сентябрь күнү саат 07:10дор чамасында Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында, Бишкек — Ош унаа жолунун 308-чакырымында катталган.
«Каргашанын айынан «Жигулидеги» үч эркек киши мүрт кеткен. Куткаруучулар менен милиционерлер аларды тез жардам унаасы менен Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына өткөрүп беришти», — деп айтылат билдирмеде.
Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.





