
Ал бул сөздү Таластагы айыл өкмөтүнүн курулушун каржылаган соң соцтармакта кызуу талкуу жаралгандан кийин жарыялоону туура көргөн.
«Дагы бир жолу ачык жана түз айткым келет: мен саясаттагы карьерамды токтотком, ал өткөн чак. Саясат мен үчүн элге жардам берүү мүмкүнчүлүгү болгон… Өзүмдү толугу менен бизнеске, кайрымдуулукка арнадым. Бул аркылуу адамдарга жардам берип келгем жана улантам. Андыктан менин эч бир ишимди саясат менен байланыштырбооңуздарды суранам», — деген Бабанов соцтармактагы баракчасында.



