Парламенттик шайлоого арыз тапшыргандардын саны 80ден ашты

КР Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 83кө жетти. Бул тууралуу БШКнын сайтындагы жаңыланган маалыматтан көрүүгө болот.
Талапкерлигин көрсөткөндөрдүн арасындагы депутаттар, мурдагы министрлер, жеке ишкер, адвокат, юрист, дарыгерлер, убактылуу иштебегендер жана башкалар бар.
Ошондой эле шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын үч партия расмий билдирген.
Белгилей кетсек, 30-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. 30 округдун ар бириндеги үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Жалпысынан 90 депутат парламентке шайланып келет.
БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча алдын ала тизмеге 4 млн 287 миң 222 шайлоочу кирди. Шайлоо күнү 2492 шайлоо участкасы ачылат.



