Коом

Аялдын сөөгүн ашканада 9 күн кармап отурган…Көлдөгү кандуу окуя

Жүрөк үшүн алган окуя Ысык-Көлдүн Кызыл-Суу айылында болгон. Милицияга таштанды жайында аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөдө 37 жаштагы маркумдун өздүгү аныкталып, ал киши колдуу болгону далилденген.

Кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургуну, аял менен чогуу жашаган 52 жаштагы киши кармалган.

Ал кырсык болгон күнү экөө чырдаша кетип, аялды башка балка менен уруп, мойнун толгоп өлтүргөнүн айткан. Ошондой эле сөөктү ашканасында 9 күн кармап, андан соң үйдүн жанындагы таштанды контейнердин жанына таштап кеткен. 

Кылмышка шектүү 2 айга камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button