Коом

Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун тездетүүнү тапшырды



Министрлер кабинетинин төрагасы Токтогул ГЭСинин № 2 агрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасы менен таанышты.

Анда Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСине баруучу жолдун жана тоннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мындан тышкары, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жер үстүндөгү агынды суу өткөргүчүнүн курулушу менен таанышты.

Иш сапардын жыйынтыгында Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун жана инфраструктурасын даярдоо процессин тездетүүнү, ошондой эле республикадагы иштеп жаткан энергетика объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button