Коом

8 жашар кыздын «Бирөө башка чапты, жер төлөдө эсиме келдим» дегени боюнча милиция маалымат берди

Кечээ, 2-октябрда социалдык тармактарда 8 жаштагы кыздын дүкөнчүгө адашып кеткенин айтып жаткан видео тараган.

Анда кыз апасы аны дүкөнгө жөнөткөнүн, жолдо аны бирөө башка чапканын, жер төлөдө эсине келгенин айтып, ал жерден качып чыкканын билдирген.

Чүй ОИИБден бул  окуя такталбаганын билдиришти. «30-сентябрда дүкөндүн сатуучусу кыздын айтканынан кийин милицияга кайрылган. Милиция териштирүү иштерин жүргүзгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө кызды ата-энеси тил укпаганы үчүн урушканы, кыз үйүнөн чыгып, дүкөнгө барып, калп айтканы аныкталды. Учурда кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү жүрүп жатат», — дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button