Коом

Түрмөдө жаткандардын тамагына 322 млн коротулат. Соттолгондорду кармоонун натыйжасыздыгы айтылды

Жазаларды аткаруу кызматына 2024-жылы 2 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.

Анын маалыматында, өлкөдөгү түрмөлөрдө 7 миң 624 адам кармалууда. Эл өкүлү алардын тамагына эле күнүнө 239 сом, жылына 322 миллион сом коротулуп жатканын айтты.

“Күнүнө 486 сом коротуп, бекер кармап жатабыз. Азыр түрмөлөрдө эч кандай кайра тарбиялоо иштери жүрбөйт. Андыктан алар чыгып эле кайра кылмыш жасап жатышат. Тамагына эле 322 миллион сом коротобуз, андан тышкары, жылуулук, кийим-кечек сыяктуу чыгымдары бар”, — дейт Арсланбек Малиев.

Депутат Жазаларды аткаруу кызматын реформалап, аны өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button