Коом

УКМК: Талас районунун тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан диний экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу максатында, Талас районунда профилактикалык түшүндүрмө иш чаралары өткөзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Талас районунун Арашан айылынын тургуну С.Ж.Ж. 2007-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун катарына кабыл алынып, тыюу салынган адабияттарды пропагандалоо жана таратуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

Радикалдуу көз караштардан баш тартууга багытталган тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, С.Ж.Ж. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, мыйзамсыз аракеттеринен өз  каалоосу менен жана ыктыярдуу түрдө баш тартып, бул уюмдун ишмердигине жол берилбестиги тууралуу билдирүү жасоо менен Кыргыз Республикасынын жарандарын “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

КР УКМК экстремизм жана терроризм кыймылдарына каршы, алдын алуу максатында иш чараларын тынымсыз жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button