Коом
Өлкөдө тогуз айдын ичинде 444 бала зомбулука кабылган

Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз ай ичинде оор турмуштук кырдаалга кептелген 444 бала зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн жабыркаган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул аралыкта жалпысынан 4843 оор шартта калган бала аныкталган. Алардын 2514ү үчүн баланы коргоонун жеке пландары иштелип чыгып, 2488 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды.
Ведомстводон билдиришкендей, жабыр тарткан бардык балдарга керектүү социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары колдоого муктаж 1277 үй-бүлө аныкталган, алардын ичинен 947си социалдык жардам көрсөтүү, документтерди тариздөө же окууга жөнөтүү аркылуу кризистен чыга алышкан.



