Коом

Депутат Экономика министрлигин сынга алды: Акылыңар жайындабы?!

Кыргызстанда Экономика министрлигинин алдында Соода компаниясы эмне максатта түзүлгөн? Мындай суроо менен депутат Бактыбек Сыдыков бүгүн транспорт, коммуникация жана архитектура комитетинин жыйынында кайрылды.

Экономика министринин орун басары Санжар Болотовдун айтымында, Соода компаниясы Кыргызстандын рыногуна кирбеген товарлар менен иштейт.

Сыдыков Соода компаниясы кызматы үчүн канча пайыз төлөм алаарын сурады эле, ага комиссия 2 пайыздын тегерегин түзөөрүн айтып жооп беришти.

«Силер эмне такыр эле акылыңардан айнып калдыңарбы? Банк кызматы 0,35 пайызды гана түзөт, кайдагы 2 пайызды айтып жатасыңар? Бул компаниянын эмне кереги бар, эмнеге кайра эле бизнести чыгым кылып жатасыңар. Экономика министрлиги дагы эмнени ойлоп баштады? Бизнес үчүн эмне деген шарт бул?» — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button