Коом

ИИМ Биволдун мурдагы жубайынын улуттарды кемсинткен видеосуна иликтөө баштады

Ички иштер министрлиги ар кандай улуттардын өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан аялга карата алдын ала иликтөөнү баштады.

Белгилей кетсек, буга чейин мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы унаа айдап бара жатып, ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видео тараган.

Ведомствонун маалыматына караганда, мындай аракеттерге жол берилгис жана улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине карама-каршы келет.

«Ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактоого, кастык козутууга жол бербөөгө милдеттүү.

Азыркы учурда аталган факты катоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

КР ИИМи жарандарды бири-бирине урмат-сый мамиле кылууга, өзгөчө коомдук мейкиндикте жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button