Коом
Таиландга Бишкектен түз аба каттамы ачылды

“Манас” эл аралык аэропорту Aero Nomad авиакомпаниясы “Компас” туроператору менен биргеликте Бишкектен Пхукетке алгачкы түз каттамды ачканын билдирди.
Биринчи рейс бүгүн, 5-декабрда, уюштурулган. Бишкек — Пхукет каттамы жумасына бир жолу — ар бейшемби сайын аткарылмакчы.
Компания мындай каттам 27-февралга чейин болорун белгиледи.
Ошондой эле 26-декабрдан баштап Бишкек — Фукуок (Вьетнам) каттамы да уюштурулат.



