Коом

Июнь окуясы: Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн адам кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 2010-жылдын Июнь окуясында адам өлтүрүүгө шек саналып 14 жылдан бери издөөдө жүргөн адам кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 26-апрелде Орусиядан учуп келген учурда Ош аэропортунан колго түшкөн. Милиция шектүү Орусиянын ар кайсы шаарларында жашаган жерин өзгөртүп, изин жашырып жүргөнүн кошумчалады.

Ага “2010-жылы 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 57 жаштагы тургунун башка да адамдар менен чогуу кармап, Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барып өлтүргөн” деген айып тагылууда. Маркумдун сөөгү 2010-жылдын 19-июнунда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button