Ысык-Көлдө мыйзамсыз кыргоолго аңчылык кылгандыгы үчүн жергиликтүү тургун кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлерине Түп айылынын күн батыш четинен, белгисиз жарандар мыйзамсыз аӊчылык кылып жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, 56 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан. Кармалган А.Ж. аттуу жарандан далил зат катары 2 даана атылган кыргооол жана 1 сайсыз ок атуучу курал алынган. Текшерүү учурунда, кармалган жаран ок атуучу куралга тийиштүү уруксат кагаздарын көрсөтө алды.
Бирок, аӊчылык кылууга лицензиясы жок болуп чыкты.

Аталган факт Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, мыйзам чегинде чара көрүү максатында чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилди.





