УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан криминалдык элементтерге жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү учурунда КР аймагында бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык кылмыштарды жасоого айыпталган чет өлкөлүк жаран жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны С.А.А. аныкталып, кармалды. Аталган жаран жазадан кутулуу максатында 2023-жылдын күзүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, КР аймагында жашырынып жүргөн.
Учурда С.А.А. КР Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



