Окуялар

УКМК: Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары пара менен кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 2023-жылдын 11-январында 86 миң сом өлчөмүндө акча каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда, Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Тергөө жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button